• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тирүү кезде коюлган эстеликтер (видео)

12 Жетинин айы 2018 16:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында,Талас облусунун Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге айкел тургузулду. Ал эстеликтер көзү тирүү жарандарга да коюлуп, алардын арасында “Апрель” баатыры Алиясбек Алымкуловдун айкели да тургузулган.
Мурдагы жаштар министри, “Апрель” баатыры Алиясбек Алымкуловдун айкели тургузулуп, ачылыш аземине Алиясбек Алымкулов өзү дагы катышты.
Мындай көрүнүштү коомчулук ар кандай сынга алды. Кээ бири «Алиасбек өзүнө өзү тирүүсүндө эстелик коюп алыптыр»- деген сын айтса, кээ бири тескерисинче колдогонун айтышты.
Журналист Жолдош Турдубаев  “Баары бир тирүүсүндө эстелик тургузган жакшы жосун эмес — ага чейинкилердики да. Ушунчасында уяткарып чектебесе, эртең сейилбактын баары тирүү арбактардын айкелдерине толуп чыгат”,-деген пикирин айтты.
Саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “Алиасбек “Баатыр” катары даңталууга татыктуу.  Ал 2010-жылдын 7-апрелинде кай бирөөлөрдөй болуп «эмне болуп атты экен?» — деп оозун ачып барып капысынан ок жеп жаракат алган эмес.  Алиасбек акыл-эси менен, ички жан дүйнөсү менен күрөшкө чыккан. Өзү эле эмес достору-жолдоштору менен чогуу чыгышкан. Башына бир эмес эки жолу ок тийген, бир ок маңдайынан кирип кежигеден чыгып кеткен. Ажалы жок экен. Жаштар министри катары жакшы аракеттерди жасады, колунан келишинче жан үрөп иштеди. Мына азыр дагы да эл үчүн деп эмгек кылып жүрөт”,-деген оюн билдирди.
Көзү тирүүсүндө расмий түрдө атайын чечим менен коюлган эстеликтер мурда деле бар болчу. Аскар Акаев өлкөнү башкарып турган кезде, Ысык-Көлдүн жээгинде алгачкы орус президенти Борис Ельциндин айкели орнотулган.
Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Таштанбек Акматовго СССР мезгилинде өз айылы Ак-Сайдын борборуна бюст коюлган.
Академик, Кыргыз Эл Баатыры Мамбек Мамакеев  90 го чыкканда клиниканын эмгек жааматы демилге көтөрүп оорукананын алдына ал кишиге айкел орнотушкан.
Ал эми учурда чуу болуп жаткан эстеликтер ошол эле Айыл Өкмөттүн тургундарынын демилгеси менен Баатырлар Аллеясы түзүлүп, ошол жерге жыйырмадан ашуун Эл Баатырларынын бюстары орнотулган.
Алардын арасында көзү тирүү Алиасбек гана эмес, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров, генерал Кубанычбек Козубаев да бар.
Айкелдерди жергиликтүү эл жаштарга, келечек муундарга таалим-тарбия болсун , мурдагы муундардын ичинен “Баатыр” деген бийик наамга татыган агаларынан үлгү алсын деген ниетте коюлганын билдиришүүдө…

 

Количество просмотров: 24