• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дарыгерлер чарчап калды деп, өлүкканага киргизип койгон наристе тирүү болуп чыкты

27 Аяк оона 2018 14:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.09.2018.Govori.TV.
Иранда дарыгерлер чарчап калды деп каттоодон өткөрүп, өлүкканага киргизип койгон наристе тирүү болуп чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.
Мындай окуя өлкөнүн батышындагы Урмия шаарында катталган. Ооруканада жаткан алты айлык бөбөктү дарыгерлер карап, анын тирүү экенин байкабай чарчап калды деген тыянак чыгарышкан.
Андан соң наристени өлүкканага жөнөтүшөт. Бирок анын денесин жууп жатканда ымыркай тирүү экени аныкталган. Шаардык Тажыя кызматынын башчысы Амир Аббас Абедининин айтымында, мындай окуя наристенин үй-бүлө мүчөлөрүнүн жакасын карматты. Алар абдан толкунданып маңдай жарыла сүйүнүшкөн.

 

Количество просмотров: 65