• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

«Титаникти» изилдөөгө түшкөн кеменин экипажы набыт болушканы аныкталды

23 Кулжа 2023 11:16 Бишкек Govori.TV

«Титаник» кемесин изилдөөгө Атлантика океанынын түпкүрүнө түшкөн «Титан» субмаринасынын (суу алдында сүзүүчү кеме) экипажы толугу менен набыт болду деп табылды.

Бул тууралуу бейшембиде саякатты уюштурган компания жана батискафты издөөгө катышкан АКШнын Жээк коргоо кызматы маалымдады.

«Биздин башкы директорубуз Стоктон Раш, Шахзада Давуд жэна анын уулу Сулейман Давуд, Хэмиш Хардинг жана Поль-Анри Нарголе, тилекке каршы, каза болду деп эсептейбиз. Булар Тынч океанды иликтөө жана коргоону каалаган чыныгы изилдөөчүлөр болчу», — деп билдирди OceanGate компаниясы.

Билдирүү куткаруу иштеринин жүрүшүндө «Титандын» калдыктары табылгандан кийин жасалды. Батискафтын калдыктарын «Титаник» чөккөн жерден бир чакырымга жетпеген жерден, океандын түпкүрүнөн табышкан.

Адистердин баамында «Титан» суунун басымын көтөрө албай, бузулган болушу ыктымал. Бул качан, кандайча болгону азырынча белгисиз. Изилдөөчүлөрдүн сөөгү табылганы тууралуу маалымдалган жок.

Батискафтагы кислород төрт күнгө эсептелгени, ага ылайык, бейшемби күндүз түгөнөрү мурдатан айтылып жаткан. Кислород иш жүзүндө көбүрөөк убакытка жетиши ыктымалдыгынан улам, издөө иштери уланган.
Издөө иштерине америкалык жана канадалык аскер учактары, Жээктеги коргоо кызматынын кемелери жана суу алдында сүзүүчү роботтор тартылды. Издөө иштери жүргөн аймактагы суунун тереңдиги — 4 чакырым экени кабарланды.

Бир кылым мурда океанга чөккөн «Титаник» кемесин изилдөө үчүн суу алдына кеткен «Титан» батискафынын экипажы менен байланыш жекшемби күнү, алар сууга түшкөндөн эки сааттан кийин үзүлгөн.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 219