• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өткөн жылга салыштырмалуу мектептердин, окуучулардын саны көбөйдү

31 Баш оона 202413:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу мектептердин, окуучулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпы 2 миң 377 мектеп бар, анын ичинен мамлекеттик – 2 миң 173, жеке менчик – 204. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27 мектепке көп.

Жалпы билим берүү уюмдарында 1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын саны 1 миллион 491 миң. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп.
Ал эми өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тили болуп беш тилде жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 151