Бишкек—Талас унаа жолунда, тактап айтканда Өтмөк ашуусунда кар жаады. Бул тууралуу күбөлөр кабарлап, видео жиберишүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан.
Ага ылайык, күндүн ырайы кескин өзгөрүп, 27-28-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, тоолуу райондордо жаан карга айланат жана айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал.