Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндө жааган жамгыр карга айланып, кардын калыңдыгы алдын ала маалымат боюнча 15-20 сантиметрге жеткендиги тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынан билдиришти.
Учурда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын тапшырмасына ылайык №957 жана №20 Жол тейлөө ишканалары, ошондой эле Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү тарабынан аймактагы малчыларга жем-чөп жеткирүү иштерин уюштуруу чаралары көрүлүүдө.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жерине чыгып жатат.
Абал көзөмөлдө. Кошумча маалымат берилет.