• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өтмөк ашуусуна кар жаады

11 Тогуздун айы 20249:48 Бишкек Govori.TV


Бүгүн Өтмөк ашуусуна 6-7 сантиметр калыңдыктагы кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, жолго тиешелүү заттарды себүү иштери жүрүп жатат. Азыркы тапта жол ачык.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.

Количество просмотров: 122