Ысык-Көлдүн Тоң районунда сел каптоонун кесепеттери жоюлду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 28-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында саат 00:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел, кыян суусу Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун болжол менен 107-чакырымын каптаган. Кыяндын кесепетинен жол эки тараптуу жабылып, унаалар өтө албай калган.
«Бүгүн таңкы саат 6:00дө Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу эки тараптуу толугу менен тазаланып ачылды. Ал эми Бөкөнбаев айылынын Кайнар тилкесин каптаган сел суулардын нугун буруу иштери толук аяктады. Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө»,-деп жазылат маалыматта.