К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү М.Т.И. кылмыштуу аракеттердин баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Кылмыш дүйнөсүндө “Точка” деген ат менен белгилүү болгон Б.А.нын (К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү) жергиликтүү кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган М.Т.И. кылмыштуу аракеттерден жана көрсөтүлгөн чөйрөдөгү адамдар менен баарлашуудан баш тартты.
Ошону менен бирге, мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды.