• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тогуз-Тородо алтын казган компания мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген

25 Жетинин айы 2022 16:00 Бишкек Govori.TV

Тогуз-Тородо алтын казган компания мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча баркармалыгы тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери жана алтын казган компаниянын өкүлдөрүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, Тогуз-Торо районунда алтын казуу менен алектенген тоо-кен ишканасы уруксаттардын жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан, экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп берип жүргөн, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында издөө иштери жүргүзүлүп, белгиленген тарифте карама-каршылыктар аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 214