• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тогуз-Торонун тургунунан 28 кг баңгизат табылды

3 Аяк оона 2022 9:57 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун тургунунан 13 кг гашиш жана 15 кг марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 22-августта А. аттуу белгисиз жаран Тогуз-Торо районунда баңгизатты сатуу, сактоо менен алектенип жүргөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат алынган.

Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 26-августта Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Тогуз-Торо районунун Атай айылынын 48 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалып, андан 13 кг 16 гр гашиш баңгизаты алынган. Мындан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда анын жашаган үйүнөн болжол менен 15 кг 13 гр марихуана табылган.

Кармалган жаран милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча иш-чара жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1097