• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Чаткалда мыйзамсыз алтын казуу иштери аныкталып, кылмыш иши козголду

22 Бугу 2023 11:38 Бишкек Govori.TV

Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, текшерүүдө, “Чаткал” токой чарбасы мекемесинин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, Чаткал районундагы “Каратюбе-Бузук” участогунан жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү лицензиясында көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна, жалпы 42,9 га жер аянтына “Э” ЖЧКсы менен 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижара келишимин түзүшүп, ашыкча 18,83 га жер аянтын мыйзамсыз ижарага берип жиберишкендиги аныкталган.

Мындан сырткары, “Э” ЖЧКсы алтын кенин иштетүүдө Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузуу менен лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1,50 га жер тилкесине чыгып, мыйзамсыз алтын казуу иштерин жүргүзүп келген.

Аталган факты боюнча Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана  218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.       

Количество просмотров: 77