• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тогуз-Тородогу митингчилердин талабы аткарылабы? (видео)

7 Бирдин айы 2018 15:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.02.18. Govori.TV

Бүгүн митинге чыккандар кайра 17-февралды чогулабыз. Бүгүн курулуш убактылуу токтотту. Бул туурасында митингттин катышуучусу  Каргалык айлынын тургуну Бектеш Govori.TV сайтына билдирди.

“Бүгүн эртең менен Тогуз-Торо районундагы маданият үйүнө миңден ашык адам райондогу жаңы салынып жаткан комбинатка “эл каршы чыгып, бүгүнтөн баштап иши токтотулсун” деген талап менен  тынчтык митингине чыкканбыз. Бирок, ал жактан “он күндүн ичинде эл комбинаттын салынышына каршы чыгып жатат” деген билдирүүнү жогору жакка жеткиребиз деген жообун алдык. Бирок, биз ага  макул болбой бүгүнтөн баштап токтотулсун деген талап менен райондон салынып жаткан комбинатка чеийн жөө жүрүш менен келдик. Бул жакта иш токтобой эле жумушчулар иштеп жатышат ” дейт митингттин катышуучусу.

Эске сала кетсек, айылдын тургундары ушул жылдын  1-февралында  “салынып жаткан фабрика ишке кирсе Чернобыль сыяктуу эле зыян болорун, мал-жан ууланарын” айтып митинге чыгышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын талаптары каралат деп убада берип таратып жиберген эле.

Бул боюнча Govori.TV сайты Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары Айбек Кожошовго байланышканда бизге төмөндөгүдөй маалымат берди.

“Бүгүн митинге чыккандарга салынып жаткан комбинаттын  зыяндуу жана пайдалуу жактарын түшүндүрүү үчүн атайын адистерди чакырганбыз. Бирок, эл аларды уккан жок. Бүгүнтөн тарта жаңы салынып жаткан комбинат ишин токтотту. Бул боюнча атайын протокол түзүлдү ” -дейт Кожошов.

Белгилей кетсек жаңы салынып жаткан комбинат кытай инвесторлору тарабынан салынып жаткан. Ал эми жер   “Кыргыз алтын”менен түзүлгөн келишимдин негизинде берилиптир.

Тогуз-Торо районунун тургундары 17-февралда чогулабыз деп тарап кетишти.

Количество просмотров: 23