• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Токаев блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду

11 Теке 2023 10:39 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык түйүндөрдө жарнама аркылуу акча тапкандарды кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл сентябрь айында күчүнө кире турган мыйзамга ылайык, соцтүйүндөрдө жалган маалымат тараткандарга административдик айып пул салуу жана инфлюенсерлерди расмий эсеп-кысап жүргүзүүгө милдеттендирүү да каралган.

Жалган маалымат таратууга күнөөлүү деп табылган жеке жактар 69 миң теңге (155 доллар), ишкер-инфлюенсерлер 138 миң теңге (311 доллар) өлчөмүндө административдик айып пул төлөйт. Бул үчүн өлкөнүн Административдик укук бузуулар кодексине «Жалган маалымат жайгаштыруу жана жайылтуу» деген жаңы берене кошулду.

Казакстандык укук коргоочулар бул мыйзам аркылуу ар бир блогер «жалган маалымат таратты» деген шылтоо менен жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Эксперттер мындай мыйзамды кабыл алуунун кажети жоктугун, башка мыйзамдар деле ар бир жаранды өз кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирерин айтып жатышат.

Количество просмотров: 70