• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Токаев иштен алынган эки министрди эки облустун башчылыгына дайындады

5 Аяк оона 2023 15:13 Бишкек Govori.TV

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин 5-сентябрдагы жарлыгы менен Марат Ахметжанов Акмола, Ербол Карашукеев Жамбыл облусунун башчысы болуп дайындалды.

58 жаштагы Марат Ахметжанов 2022-жылдын февраль айынан бери Ички иштер министрлигин жетектеп келген. Ал Токаевдин 1-сентябрдагы кайрылуусунан кийин кызматынан бошотулган.

Ахметжанов 2021-жылдын апрелинен тартып Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигин жетектеп, 2016-2021-жылдары Башкы прокурордун орун басары болгон.

Эл аралык байкоочулар Казакстанды полициячыл мамлекет катары баалашат. Министрликтин курамына катардагы полициячылардан тышкары Улуттук гвардия жана куралдуу күчтөр кирет. Өлкөдөгү нааразылык акцияларында жапырт камакка алууларды да Ички иштер министрлиги жүргүзөт.

Жамбыл облусуна жетекчи болуп дайындалган Ербол Карашукеев буга чейин Айыл чарба министрлигин жетектеп келген. Бул мекеме Казакстанда эң көп сынга алынган министрликтердин катарына кирет. Жазында Токаев өзү бул министрликти сынга алган.

Бул арада Казакстандын президенти экология жана жаратылыш ресурстары министрин да дайындады. Бул кызматка Ерлан Нысанбаев келди. Ага чейин ал Астана акиминин кеңешчиси болгон.

Количество просмотров: 81