• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токаев Назарбаевдин учурунда бутка тургандарды байлыгы менен бөлүшүүгө чакырды

11 Үчтүн айы 2022 16:07 Бишкек Govori.TV

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда бутка турган казакстандыктарды байлыгы менен бөлүшүүгө чакырды.

«Биринчи президент Елбасынын арты менен өлкөдө аябай кирешелүү компаниялар жана бардар адамдардын катмары түзүлдү. Жадагалса байлыгы эл аралык стандарт менен өлчөнгөн байлар бар. Казакстан элинин ырыскысын бере турган мезгил келди деп эсептейм. Алар калкка туруктуу жана системалык негизде жардам көрсөтүшү максатка ылайык», — деди Токаев.

Мамлекет башчы «Казакстан эли» фонду түзүлө турганын айтып, ага каржы сала турган демөөрчүлөрдү табуу тапшырмасын берди.

Жана ошондой эле ал ири бизнесмендерден да, көмүскө жол менен чоң киреше тапкан жарандардан да каражат күтөрүн айтты. Ал эми өкмөт компаниялардын белгилүү тобун аныктап, алар менен фондуга жыл сайын салына турган каражаттын суммасын макулдашарын кошумчалады.

Количество просмотров: 1095