УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Токмок шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Жыйында Ташиев Токмок шаарына бөлүнгөн 1 миллиард сом натыйжасыз сарпталган айтып, текшерүүнү тапшырды.
Ал ошондой эле Чүй облусунун аткаминерлерине бир катар талаптарды койду.
«Шаардын ар бир метр жерин жөө аралап, суу жетпеген жерине суу жеткирип, тазалап, көрктөндүргүлө. Чүйдөгү президенттин өкүлүнө, акимдер жана шаар мэрлерине үч күн убакыт берем. Ойлонгула! Иштегиси келбегендер, көзү жетпегендер, арыз жазып кеткиле», — деди ал.
Эске салсак, Токмок шаарынын мэри жана дагы эки жетекчи кечээки жыйын учурунда кармалган болчу.