• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Токаев президенттик мөөнөтүн узартпай турганын айтты

2 Кулжа 2022 10:55 Бишкек Govori.TV

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 1-июнда Улуттук илимдер академиясынын 75-жылдыгында сөз сүйлөп жатып, бийлигин референдум аркылуу узартпай турганын, президенттик мөөнөтүн жокко чыгарбастыгын айтты.

— Эл арасынан жана чет өлкөлөрдөн мамлекет башчы референдум аркылуу ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартабы, президенттик мөөнөтүн жокко чыгарабы деп сурап жатышат. Жооп берип коеюн: андай ниетим болгон эмес жана болбойт дагы”, — деди Токаев.

Токаев 29-январда “Хабар 24” телеканалына берген маегинде бул кызматта эки мөөнөттөн ашык турбастыгын билдирген.

“Казакстандын президенти болуп канча турарымды билбейм, бирок Конституцияга ылайык, эки мөөнөттөн ашык турбайм – бул анык. Башкача айтканда мыйзамдарды, айрыкча Конституцияны оңдоо деген болбойт”, — деген ал.

Мындан эки ай өтпөй, ал Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеген. Референдум 5-июнга белгиленген.

Акордо өзгөрүүлөр президенттик бийликти алсыратып, парламенттин ишин бекемдөөгө багытталганын айтып келет. Мындан тышкары президенттин жакындарын жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындоого тыюу салынууда. Конституциядан биринчи президент Нурсултан Назарбаев жөнүндөгү беренелер да алынат.

Казакстандын 1995-жылы кабыл алынган азыркы Конституциясы боюнча президент беш жылга шайланат жана бул постту эки мөөнөт катары менен ээлей алат. Баш мыйзамда бул эреже Казакстандын биринчи президентине тиешелүү эместиги жазылган, бирок өзгөрүүлөр кабыл алынса, бул пункт алынып салынат.

Количество просмотров: 55