2005-жылы элдик толкундоолордон соң бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаев Би-Би-Сиге маек куруп, Ысык-Көл эл аралык форумунда президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берүү демилгеси тууралуу сөзүнө түшүндүрмө берди.
«Бул суроого жооп мындай: Бүгүнкү күнү Кыргызстанда сейрек кездешүүчү акыбал түзүлүп жатканын байкадым. Себеби, өзүңүздөр көрүп турасыздар, өткөн жылдарда Кыргызстандын экономикасы дүркүрөп өсүп, өнүгүп жатат. Үч жыл 10 пайыз менен өсүп жатат. Мындай өсүш Евразияда башка жок.
Эми алдын ала жоромол боюнча, быйыл да ошондой темп күтүлүп жатат. Мен ушундай темп пайда болот деп ойлойм. Мындан дагы 5-6 жыл ушул темп, ушул тенденция сакталса, анда сөзсүз ошол «экономикалык керемет» деп аталат.
Экономика сегиз-он жыл 8-10 пайыз менен өссө эле «экономикалык керемет» жаралат. Андай кийин экономика туруктуу өсүүгө мүмкүнчүлүк алып калат. Ошондуктан менин сунушум – азыркы ошол кереметти жаратып жаткан президент Садыр Жапаров ошону улантып, аягына чыгарып берсин деген ой-пикирим.
Дагы бир нерсесин айтып кетким келет. Экономикалык гана өсүш эмес. Азыр Кыргызстандын эл аралык имиджи дагы бийик. Мына быйыл тарыхый окуя болду. Кыргызстан алдыдагы 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болуп шайланды. Ал эми 27-28-жылдар – бул дүйнөлүк кандайдыр бир тарыхый чечимдерди кабыл ала турган жыл болуп эсептелет.
Ошондуктан менин оюм – экинчи мөөнөткө шайланса. Мына төрт жыл жакшы өсүш болуп жатат дебедимби. Дагы беш жыл экинчи мөөнөткө иштесе, ошондо 9-10 жыл [болуп], керемет жаралып калышы мүмкүн. Ошондой ой-пикиримди билдирип жатам», — деген Акаев.
Эске салсак, 19-июнь Ысык-Көл эл аралык форумунда сөз сүйлөгөн Аскар Акаев Кыргызстан соңку беш жылдыкта болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатканын белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, электр станциялардын курулушун мисал кылган. Ал “муну улантуу үчүн азыркы президент Садыр Жапаровго кошумча мандат бериш керектигин, “экономикалык керемет” кеминде 8-10 жылды талап кыла турганын” билдирген.