• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токаев расмий сапар менен Душанбеге барды

20 Бугу 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 19-майда расмий сапар менен Душанбеге барды. Эл аралык аэропортто аны Тажикстан президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Касым-Жомарт Токаев президент катары экинчи жолу Тажикстанга барды. Биринчи ирет ал 2019-жылы июнда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча саммитке катышып, Рахмон менен жолуккан. Бул арада Тажикстан президенти акыркы жолу Казакстанга 2018-жылы, өлкөнү Нурсултан Назарбаев жетектеп турганда келген.

Казакстан президенти Тажикстанга чакырууну майдын башында, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эле алган. Токаев 28-30-апрелдеги кагылышууга тынчсыздануусун билдирип, “эки тараптуу ишенимди калыбына келтирүү жана туура чечимдерди издөө аракетине колумдан келген жардамды берүүгө даярмын”, деп айткан. 3-майда ал кыргыз-тажик президенттери менен телефондо сүйлөшүп, тараптарды сабырдуулукка чакырган.

Казакстан президентинин маалымат кызматы Токаев менен Рахмон өнөктөштүк маселелерин талкууларын билдирип, Борбор Азиядагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруларын кабарлады.

Количество просмотров: 87