• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт

22 Жетинин айы 2022 12:48 Бишкек Govori.TV

Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт. Бул тууралуу жыйында Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров билдирди.

«Борбордук шайлоо комиссиясы Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын шайланган президенти катары каттады. Шайланган президенттин ант берүү күнү 26-ноябрга белгиленген”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев 81,31% добуш менен (6 млн 456 миң 392 адам) жеңишке жетти.

Количество просмотров: 47