Токмокто 40 жаштагы жаран колунун кан тамырын кесип, жаңы курулуп жаткан имараттын 9- кабатынан секирип, жанын кыюуга аракет кылып жаткан жеринен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя саат 20:32 чамасында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө орун алган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды 9-кабаттан түшүрүшүп, биринчи медициналык жардам көрсөткөн соң, ИИМ жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Алдын ала маалыматка караганда 1982-ж. туулган С.А. аттуу жаран ( эркек) мас абалында болгон.