• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

9 Үчтүн айы 202215:26 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан «Азия Молл» соода борборунун жанында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатында 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, ал жаранды куткарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 419