• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токтогул суу сактагычында суу 12,5 млрд. метр кубга жетти

27 Баш оона 202417:57 Бишкек Govori.TV

Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү азыркы убакта 12 млрд. 522 млн. метр кубга жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул тапта суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 586 метр куб болсо, андан секундуна 269 метр куб суу агып чыгууда. Бир ай мурун тагыраак айтканда 29-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд.810 млн. куб метрди түзгөн.

Эске салсак, 2007-2008-жылдары суунун көлөмү 7-8 млрд. метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Ал эми суунун көлөмү 6,5 млрд. метр кубга чейин түшүп кетсе, ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет.

Количество просмотров: 147