“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 1-июлуна карата 11,084 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы кабарлады.
2020-жылдын ушул датасындагы суу кампадагы көрсөткүч 13,482 млрд. куб метр болгон. Башкача айтканда бир жыл мурункуга караганда суу 2,3 млрд. куб метрге аз.
Расмийлер табигый себептен улам суунун толушу бир-эки жылдан бери кемип жатканын айтууда . Быйыл кыштан болгону 8,6 млрд. куб көрсөткүч менен чыккан.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги бул кризистен чыгуу үчүн быйыл Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алууну макулдашкан. Келишимге ылайык, өкмөт муну үч жыл ичинде жай айларында кайра электр түрүндө кайтарып бериши керек.
Кыргызстанда жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлсө, анын жарымына жакынын “Токтогул” ГЭСи чыгарат.