• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү канча?

5 Бирдин айы 2024 9:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 61 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 143 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 682 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Количество просмотров: 291