Бүгүн саат 12:04тө Токтогул районунда күчү очогунда 3,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Такталык тоо кыркасында, атап айтканда Көк-Бел айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Кетмен-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым жана Токтогул шаарынан түштүккө карай 23 чакырым аралыкта жайгашкан.
Көк-Бел айылында жердин силкинүүсү 2,5 балл сезилген.