• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токтогул суу сактагычындагы рейд: Торлор алынып, айып салынды

31 Бугу 202612:11 Бишкек Govori.TV

Токтогул суу сактагычынын Кодул участогунда мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча кезектеги түнкү рейд жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдиргендей рейддин жүрүшүндө балык кармоо үчүн тыюу салынган кытай үлгүсүндөгү синтетикалык торлорду жайып жаткан жеринен эки жаран кармалды.

Аталган жарандарга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 267-беренесине ылайык административдик чара көрүлүп, ар бирине 11 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле рейд учурунда жалпы узундугу болжол менен 200 метрге жакын мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынып, белгиленген тартипте конфискацияланды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды балык чарбачылыгы жаатындагы мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат. Мыйзамсыз балык уулоо суу биоресурстарына олуттуу зыян келтирип, балык корунун азайышына алып келет.

Биоресурстарды коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Количество просмотров: 102