• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдү тазалоо: Жыл башынан бери 35 миң метр тор алынды

22 Чын куран 20269:20 Бишкек Govori.TV

2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн 34 миң 800 метр браконьерлик тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер көлдүн экосистемасын сактоо, балыктарды мыйзамсыз уулоонун алдын алуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Күн мурун министр Канатбек Чыныбаев суучулдар менен биргеликте көлдөн браконьерлик торлорду алып чыгуу иштерин жүргүздү.

Количество просмотров: 93