Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 27 жаштагы келин өзү жашаган үйдөгү сарайда асынып алды. Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 6-февралда болгон.
Бул факты Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок маркумдун жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.