Токтогулда шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Болот Дүйшөналиев кармалды. Маалыматты Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Милициянын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 11-октябрь күнү Д.Б.өзүнүн социалдык тармактары аркылуу видео кайрылууларынын аракетинде митинг форматындагы массалык баш аламандыктарды уюштуруга чакырыктар бар экендиги боюнча маалымат алынган.
«Аталган факты боюнча соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык Кыргыз Республикасынын КЖКнин 278-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин негизинде 2024-жылдын 2-ноябрь күнү Д. Б. шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-97-бер. негизинде, Жалал-Абад ШИИБдин УКЖна киргизилген», — деп жазылат маалыматты.
Ошондой эле Жалал-Абад шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, 2024-жылдын 2-ноябрнан 22-ноябрга чейин камакка алынган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.