• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Токтогулда жол кырсыгынан 3 киши каза болду

15 Аяк оона 202110:33 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 3 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымында MAN күйүүчү май ташуучу унаа менен Жигули ВАЗ-2107 кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши окуя болгон жерде каза болгон.

«5 куткаруучу тартылып, Жигули ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү авто унаада кыпчылып калган 3 жаранды чыгарышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.

Количество просмотров: 1298