• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Токтогулдагы суунун көлөмү 12 млрд 465 млн куб метрди түздү

8 Теке 202212:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июлда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 465.76 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 997 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 443 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кургакчылык мезгили уланууда. Улуттукэнергохолдинг жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Количество просмотров: 69