• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токтогулдагы суунун көлөмү 13 млрд 245 млн куб метрди түздү

30 Баш оона 202210:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 245 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 383 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 274 куб метрге жетүүдө.

Количество просмотров: 162