• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Токтогулдагы суунун көлөмү 9 млрд 504 млн куб метрди түздү

19 Кулжа 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 504 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 439 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 442 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Количество просмотров: 107