• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токтотулган тажик фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү (видео)

12 Бугу 2021 11:46 Бишкек Govori.TV

11-май күнү Баткен шаарында эл тарабынан токтотулган жүк ташуучу унаалар менен Орусиядан күнүмдүк керектелүүчү буюмдар ташылып келе жаткан. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Баткен шаарында тажик жарандарынын оор жүк ташуучу 3 унаасы эл тарабынан токтотулганда милиция кызматкерлери одоно мамиле жасап, ошол жерде турган жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору соцтармактарда тараган.

Милиция билдиргендей, облустун кире беришинен кармалган оор жүк ташыган автоунаалар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу 7-майдан бери милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп турат.

Алар 11-майда ички иштер башкармалыгынын автоунаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Орто жолдо жергиликтүү тургундар менен пикир келишпестиктер жаралган.

Количество просмотров: 16631