• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тоолуу Бадахшанда кар көчкүдөн 10 киши каза болду

16 Бирдин айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун административдик борбору Хорог шаарында кар көчкү түшүп, 10 киши каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, куткаруучулар кар алдынан тогуз кишини, анын ичинде беш жаштагы баланы тирүү алып чыгышты.

15-февраль күнү эртең менен Хорог шаарына көчкү түшүп, 10го жакын үй кар алдында калган. Электр линиялары жабыркагандыктан, учурда калаада жарык жок.

Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети кар көчкү түшкөн аймакта куткаруу иштери уланып жатканын билдирди. Өлкө президенти Эмомали Рахмон жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү тапшырды.

Акыркы бир сутканын ичинде Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагында болжол менен 10го жакын кар көчкүсү түшүп, аймактагы айрым автоунаа жолдору убактылуу жабылганы кабарланууда.

Количество просмотров: 876