• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

18 Жалган куран 202115:58 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-мартта жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 101