• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

29 Үчтүн айы 202610:59 Бишкек Govori.TV

29-январдан 31-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкү төмөнкү аймактарда түшүүсү мүмкүн:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуда;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгы эскертилет.

Количество просмотров: 172