• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тоолуу райондорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

15 Үчтүн айы 202114:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январдан 16-январга чейин жаай турган жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Каракысмак капчыгайында, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Количество просмотров: 67