• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттары убактылуу жабык болот

3 Чын куран 202614:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт – унаа жол» жана «Эркечтам – унаа жол» өткөрмө пункттары 2026-жылдын 4-апрель күнү саат 20:00дөн тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, аталган өткөрмө пункттар Кытай тараптын демилгеси менен, өлкөдө «Цинмин» аталыштагы эскерүү күнүн белгилөөгө байланыштуу жабылат.

Өткөрмө пункттар аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2026-жылдын 6-апрелинен баштап жанданат

Количество просмотров: 233