• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Трамп иммунитетин калтыруу боюнча Жогорку сотко кайрылды

13 Бирдин айы 2024 16:16 Бишкек Govori.TV

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Жогорку соттон анын шайлоого кийлигишүү боюнча ишин кийинкиге калтырууну өтүндү.

Трамп төмөнкү баскычтагы соттун «мурдагы президенттин кылмыш жообуна тартылуудан коргоочу иммунитети жок» деген чечимине бөгөт коюуну өтүнүүдө.

Республикачыл саясатчынын адвокаттары дүйшөмбү күнү Жогорку сотко чукул доо арыз жазышты. Ушул тапта судьялар Трамптын дагы бир арызын карап жатат. Ал Колорадо Жогорку сотунун анын ысымын алдыдагы президенттик шайлоодо талапкерлердин тизмесинен алып салуу чечимине каршы чыгууда. Штаттын судьялары буга Трамптын 2020-жылдагы шайлоодо жеңилгенин мойнуна албаганы негиз болгонун белгилешүүдө. Коллегия «көтөрүлүшкө же козголоңго» катышкан аткаминерлерге мамлекеттик жогорку кызматта иштөөгө тыюу салган АКШнын Конституциясына таянууда.

Трамптын адвокаттары иммунитет болбосо, президенттик кызмат жок болорун белгилешүүдө.

«Америка үнү» кабарлагандай, ишти кароо мөөнөтү аныктала элек, бирок атайын прокурор Жек Смиттин командасы сот жараяны быйыл болушун талап кылууда.

Миллиардер ишкер Дональд Трамп АКШны 2017-жылдын 20-январынан тартып 2021-жылдын 20-январына чейин башкарган. Кошмо Штаттарда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өтөт. Ага 2020-жылдагы шайлоого катышып, азыркы президент Жо Байденге утулганда добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого аракет кылган деген доо коюлган.

Количество просмотров: 78