• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Трамп менен Зеленский телефондон сүйлөшүшкөнүн Х түйүнүнө жазышты

20 Теке 2024 12:52 Бишкек Govori.TV

АКШдан президенттикке талапкер болгон Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөн. Экөө тең Х социалдык түйүнүнө жазган. Зеленский “Мен Республикачылар партиясынын атынан президенттикке талапкер болуп чыгышы менен куттуктоо жана Пенсильваниядагы кол салууну айыптоо үчүн Дональд Трамп менен сүйлөштүм. Ага күч-кубат жана келечекте толугу менен коопсуз болууну кааладым”, — деп  жазды.

Дональд Трамп болсо, «Украинанын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн Кошмо Штаттардын эки партиялуу жана эки палаталуу колдоосу маанилүү экенин, «дүйнөнү адилеттүү жана чындап туруктуу кыла турган” кадамдарды жеке жолугушууда талкуулоого макул болушканын жазган. Ошондой эле АКШнын президенти болуп калса “дүйнөгө тынчтыкты орнотуп, согушту токтотууга сөз берерин” айткан.

Теги:
Количество просмотров: 214