• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанда биринчи жолу кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк турнир өтөт

29 Бугу 2023 16:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга биринчи жолу грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик турнир 2023-жылдын 1-июнунан 4-июнуна чейин борбор калаабызда “Бишкек Арена” спорт комплексинде өтүп, ага 36 мамлекеттен 600гө жакын балбандар катышат. Бул турнир быйылкы төрт турнирдин үчүнчү рейтингдик турнири. Буга чейин ал Хорватияда, Египетте өткөн. Венгрияда төртүнчүсү болот.

Уюштуручуулардын айтымында, аталган мелдеш балбандарга өнөрүн жана техникасын көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк гана бербестен, дүйнөлүк рейтингде лидерлерди аныктоодо да маанилүү кадам болуп саналат.

«Мына ушул мелдештерде Кыргызстан өзүнүн карьерасында көптөгөн жеңиштерди багындырган, атагы алыска кеткен күчтүү жана тажрыйбалуу балбандардарын сыймыктануу менен тааныштырат. Алар дүйнөлүк күрөштүн көңүлүн өзүнө буруп, бул абройлуу иш-чарада өздөрүнүн эң жогорку чеберчилигин жана кесипкөйлүгүн көрсөтүшөт. Бул биздин жаш спортчуларыбыз үчүн да өз таланттарын көрсөтүүгө, тажрыйбалуу атаандаштар менен таймашууга жана эл аралык аренада баалуу тажрыйбага ээ болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк болмокчу. Биз Кыргызстандын жаш жана келечектүү балбандарына дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган балбандар менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк түзүп жатканыбызга кубанычтабыз», — дейт Турганбаев.

Турнирдин ачылышы 2-июнь күнү саат 17:00дө болот. Ачылыш аземге КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышат. Ардактуу меймандар Бириккен дүйнөлүк күрөш бюросунун мүчөлөрү болушат.

Бул маанилүү турнирден тышкары, U17 жана U23 грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты да болмокчу. Бул сынак былтыркыдай эле 2023-жылдын 10-18-июнунда Бишкекте өтөт.

Количество просмотров: 145