Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп New York Post басылмасына курган маегинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бирок ал качан болгонун тактаган жок. Трамп Путин менен канча жолу сүйлөшкөнү тууралуу суроого дагы бир ыктай жооп берген эмес.
АКШнын президентинин ырасташынча, Путин ага «(кармаш жүрүп жаткан аймактарда) адамдардын набыт болушун токтотууну кааларын» айткан.
Трамп бул маегинде Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу анын так планы бар экенин дагы бир жолу белгилеген жана ал чукул ишке ашарына үмүттөнгөн. Ошондой эле Орусия менен Украинанын президенттери экенин так атабастан «алар жолугушууну каалайт» деп билдирген.
Кремль бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.