АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондогу авиакырсыкта аман калгандар жок экендигин айтты.
Маалымтарга ылайык, Трамп аскердик тик учак менен жүргүнчү ташыган учактын кагылышуусу болгон жерде учурда издөө иштери жүрүп жаткандыгын белгилеген.
Учактын бортунда 60 жүргүнчү жана 4 экипаж мүчөсү, ал эми тик учакта кеминде үч аскер кызматкери болгон. Куткаруучулар издөө иштери учурунда 28 адамдын сөөгүн суудан алып чыгышкан. Учурда жеринде 300дөй куткаруучу иштеп жаткандыгы айтылды.