Бишкек.12.01.18.Govori.TV
АКШнын президенти Дональд Трамптын Гаитиден жана Африка континентинен келген иммигранттардын дарегине айтылган сыны Конгресс мүчөлөрүнүн кыжырын келтирди. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы окуя менен жакындан тааныш булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, президент бейшембиде Ак үйдө мыйзам чыгаруучулардын катышуусунда иммиграциялык саясаттагы реформаларга арналган жыйын өткөрүп, жогорудагы өлкөлөрдү “Задница мира” , — деп атаган.
«Эмне үчүн бул дүйнөнүн бир тешигинен келген мигранттар биздин өлөнү капташы керек? Мейли норвегиялыктар, азиялыктар келсин. Гаитиликтер эмнеге келет, буларды келишимден ыргытып жибергиле», — деп айткан
Бир катар демократтар президенттин бул сөздөрүн расисттик деп сынга алышса, айрым республикачылар Трамптын айткандары аларды ирээнжиткенин билдиришти.
Жыйында негизги тема — өспүрүм кезинде ата-энелери АКШга мыйзамсыз алып келген мигранттарды легалдаштыруу болгон. Трамп алардын арасында гаитиликтер бар экенин угуп, мунапысты аларга карата колдонбой койсо болобу деп суроо узаткан.
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Радж Шах бул маалыматты четке каккан жок. Ал биринчи кезекте чет өлкөлүктөрдүн жыргалчылыгына кам көргөн вашингтондук саясатчылардан айырмаланып, Трамп америкалыктардын кызыкчылыгын жогору коёрун белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын мурдагы ажоосу Алмазбек Атамбаев эл чогулган жерде бирөөлөрдү кемсинткен жана «дерьмо” деген сөздү кошуп сүйлөгөнду жактагандыгы менен элдин эсинде сакталып калды.
Анын мындай аракеттеринен улам күзүндө кыргыз -казак мамилеси начарлап, чек ара жабылганга чеийин барган. Мындай абалды жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков араң оңдоп, жөнгө салган.