• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев БУУнун трибунасында баяндама жасады

11 Бештин айы 202514:51 Бишкек Govori.TV

10-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нью-Йорк шаарында (АКШ) өткөн БУУнун 2026–2035-жылдарга карата “Туруктуу транспортунун он жылдыгынын” расмий ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө министр Сыргабаев, Кыргызстан транспорт тармагын модернизациялоо жана «жашылдандыруу» саясатын ырааттуу түрдө илгерилетип, жаңы транспорттук коридорлорду куруу иштерине өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.

Ошондой эле, Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан жаңы эл аралык транспорт коридорлорун жана логистикалык чынжырларды өнүктүрүүнү колдой турганын белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

“Өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон долбоор-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул долбоор Евразиялык мультимодалдык ташуулар желесинин маанилүү звеносу болуп, жүк ташуулар үчүн туруктуу жана убакыт жагынан кыйла кыска багытты камсыз кылат”,-деди ал.

Мындан тышкары министр Кыргызстан туруктуу транспорттук долбоорлорду колдоого багытталган эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин айтты.

«Темир жолдорду, логистикалык хабдарды жана аз көмүртектүү транспорттук технологияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз», — деди министр.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2026-жылы баштала турган БУУнун тарыхындагы алгачкы Туруктуу транспорт боюнча он жылдыкты жарыялаган. Бул чечим «Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бардык түрдөгү транспорт байланышын чыңдоо» аттуу резолюциянын негизинде кабыл алынган. Аталган он жылдык туруктуу транспорт темасына багытталып, кызматташууну кеңейтүү жана кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү аркылуу ишке ашырылмакчы.

Количество просмотров: 180