Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаев Абсаттар Токтогулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Абсаттар Сыргабаев 2024-жылдын июль айынан бери транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп келаткан.
Ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экени белгилүү.