«#БишкекСмог» демилгелүү тобунун активисттери Бишкекте троллейбустар жүрбөй калганына нааразылыгын билдиришти.
«Бишкекте чоң автобустар көп алынып келгенине карабастан, шаарда транспорт жаатындагы абал начар. Мэрия экологиялык жактан таза, ыңгайлуу транспорттон — троллейбустардан жок шылтоону айтып баш тартып жатат», — дешти алар.
Буга чейин түрк мамлекеттеринин саммитине байланыштуу Бишкекте 4-ноябрдан тарта троллейбус каттамдары токтотулганы айтылган.
Ал эми Бишкек шаардык мэриясы буга мындай жооп берди:
«Бүгүнкү күндө эки троллейбус токтотуучу жайда (депо) Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунун эсебинен электр кубаттоочу түзүлүштөрдү орнотуу менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу троллейбустардын кыймылы токтотулду.
Буга чейин троллейбустардын ордуна шаардыктардын кызматына эл аралык талаптарга жооп берген заманбап электробустар келери маалымдалган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаада 1200дөн ашык автобус 56 каттам боюнча иштейт. Муниципалдык автобустардын жүрүү аралыгы орто эсеп менен 10 мүнөттү түзөт. Троллейбус каттамдарынын ордуна жаңы автобус линиялары ишке киргизилет».